Спорт комплекс ачылышы

pic
Спорт комплекс ачылышы

15-декабрь күнү Нарын аймагында Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин демилгеси менен көптөн бери күткөн Апсалиев Ташболот атындагы спорт комплексинин ачылышы маарекелүү түрдө өткөрүлдү.

Жаңы ачылган спорт комплексте грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана волейбол боюнча машыгуулар өтөт. Азыркы учурда спорт комплексте 120дан ашык Нарын облусунун өспүрүмдөрү спорт менен машыгат. Машыгуучулардын саны күн санап өсүүдө. Айта кетчү нерсе, машыгуу үчүн акы алынбайт.

Спорт менен машыгууну каалаган өспүрүмдөрдүн саны көп болгондуктан, бул демилгени колго алууга негиз болду. Мурун облустун өспүрүмдөрү Чыныбай Акунович колдогон “Акун” спорт клубунда машыгып турушчу. Бул жерде машыктыруучуларга да кошумча айлык берилет.
Ал эми спорт жаатында мыкты жетишкендиктерге жеткен өспүрүмдөргө чет өлкөлөргө барып келүү үчүн чыгымдары "Акун" компаниясыдан төлөнүп турат. 
Спорт комплексинде ар дайым машыгуу шаймандары жаңыланып турат. Спорт комплекстин ачылышына башта Чыныбай Акунович тарабынан 10 000$ лык спорт инвентарлары алынып берилген.

“Акун” – саламатта жашоонун кубанычы!

← Вернуться к списку статей